Чүйдө инвесторлор менен иштөө кластердик ыкмага өтөт

Чүйдө инвесторлор менен иштөө кластердик ыкмага өтөт

Чүй облусунда инвестиция тартуу жана инвесторлор менен иштөөдө бирдиктүү механизмдердин жоктугунан улам жаңы ыкма киргизилет. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов облустук коллегияда билдирди.

Анын айтымында, аймакты системалуу өнүктүрүү максатында негизги 6 комплекстүү долбоордун бири катары "Чүй инвестиция"долбоору кабыл алынды. Долбоор инвесторлор үчүн ачык, түшүнүктүү жана ырааттуу иш алып баруу системасын түзүүгө багытталган.

Ошондой эле Чүй облусунда айрым өндүрүш объекттери турак жайларга, мектептерге жана бала бакчаларга жакын жайгашып, экологиялык талаптар сакталбай келгендиги белгиленди. Ушуга байланыштуу 2026-жылдан тартып облус аймагында бардык жаңы объекттерди жайгаштырууда кластердик ыкма милдеттүү түрдө колдонулат.

Бул ыкма бизнес менен калктын ортосундагы мамилени жөнгө салууга, элдин ден соолугун коргоого жана аймакты туруктуу өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Белгилей кетсек, бүгүн Чүй облустук администрациясында 2026-жылга карата иш-пландар жана келечектүү долбоорлор талкууланган коллегия өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандан Россияга 8 тонна тоңдурулган пельмень кирбей калды

Кыргызстандан Россияга 8 тонна тоңдурулган пельмень кирбей калды

Орусиянын Оренбург облусу боюнча Федералдык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын башкармалыгы мамлекеттик чек аранын россиялык-казакстандык тилкесинде Кыргызстандан 8,6 тонна тоңдурулган пельменди мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотконун мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, продукция ветеринардык талаптарга жооп берген эмес: жүктүн бир бөлүгүндө зарыл болгон ветеринардык коштоочу документтер жок болгон,

А.Касымалиев "Бишкек Аренанын" курулушу менен таанышты

А.Касымалиев "Бишкек Аренанын" курулушу менен таанышты

Адылбек Касымалиев Орок айылындагы "Бишкек Арена" стадионунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Бул спорт комплекси 51 миң көрүүчүгө ылайыкташкан жана FIFA стандарттарына ылайык курулуп жатат. Стадиондо бардык стенддерде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын орундар уюштурулуп, инклюзивдик шарттар каралган. Бул стадион Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги

Жаңы Ош базары жана Батыш автобекети качан бүтөрү белгилүү болду

Жаңы Ош базары жана Батыш автобекети качан бүтөрү белгилүү болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкекте курулуп жаткан стратегиялык объекттер менен таанышып, транспорттук, соода-сатык жана спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иштерди көзөмөлдөдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Төрага Батыш автобекетинин курулушу жана жол тармактарынын абалы менен таанышып, борбордогу унаа тыгындарын азайтуу үчүн жалпы узундугу 8,74 км болгон

Казакстанда мобилдик акча которууларды көзөмөлдөөнүн жаңы эрежелери кирди. Кандай өзгөрүүлөр болду жана эмнелер эске алынышы керек?

Казакстанда мобилдик акча которууларды көзөмөлдөөнүн жаңы эрежелери кирди. Кандай өзгөрүүлөр болду жана эмнелер эске алынышы керек?

Элдин эсинде болсо, 2025-жылдын июнь айында Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги өлкөнүн Улуттук банкы жана коммерциялык банктары менен биргеликте жаңы Салык кодексине кошумчаларды киргизген. Ал кошумчаларда кайсы бир физикалык жакка мобилдик которуулар менен 3 ай ичинде 1,02 млн тенгеге чейин (минималдык айлык маяна көлөмү) гана которууга боло турган чектөөнү киргизүү