Ишкерлер, юридикалык жана жеке жактар үчүн жеңилдиктер күчүнө кирди

Ишкерлер, юридикалык жана жеке жактар үчүн жеңилдиктер күчүнө кирди

Президент Садыр Жапаров кол койгон "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы күчүнө кирди.

Эске салсак, бул мыйзамдын максаты 2025-жылдын 5-декабрындагы Президенттин № 350 "Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзамдын негизги жоболору:

— зергерчилик өндүрүшүнө арналган жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотулат;

— жеке жана юридикалык жактар 2029-жылдын 1-январына чейин жеңил автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктарды төлөөдөн бошотулат;

— жеке ишкер катары катталбаган жеке адамдар 2026-жылдын 1-январына чейин автомототранспорт каражаттарын сатуу менен алынган кирешелер боюнча салыктарды, анын ичинде өсүмпулдарды жана санкцияларды төлөө милдеттенмелеринен бошотулат;

— Кыргыз Республикасынын ишканалары тарабынан өндүрүлгөн жана/же чогултулган транспорт каражаттарын жана аларга тетиктерди чыгарган өндүрүүчүлөр бул продукцияны сатууда сатуудан алынуучу салыктан бошотулат;

— 2030-жылдын 1-январына чейин тигүү жана текстиль өнөр жайынын бардык субъекттери үчүн орточо айлык эмгек акысынан көз карандысыз бирдиктүү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ставкалары, ошондой эле тигүү жана текстиль тармагында иштеген кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысынан 1% өлчөмүндө киреше салыгынын минималдуу ставкасы белгиленет;

— мүлктү ижарага берүүнү жүзөгө ашырган адамдар үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ставкасы кыскартылган орточо айлык эмгек акысынан 6% өлчөмүндө аныкталат;

— Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,1%га чейин төмөндөтүлдү (азыркы ставка — 1%);

— чет өлкөлүк банктар аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялар үчүн транзакция салыгынын ставкасы 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү (азыркы ставка — 0,2 пайыз);

— мурда алып келинген же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдардын калдыктарын легалдаштыруу каралып, легалдаштыруу мезгилинде салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий киргизилет;

— баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдарын ыктыярдуу негизде ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан өз эн белгиси менен (мамлекеттик пробирдик белги эске алынбайт) сыноо жана белгилөө функциялары берилет, ошондой эле пробирдик жыйымдын ставкаларын төмөндөтүү маселеси каралат;

— алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензиялоо жоюлат;

— салык талаш-тартыштарын кароо арбитраждык (третей) соттордун карамагынан чыгарылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке 518, 5 млн сом түштү

Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке 518, 5 млн сом түштү

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында укук коргоо бөлүмдөрүнүн 2026-жылдын 1-чейреги боюнча жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, отчеттук мезгилде контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 4 861 укук бузуу жана кылмыш фактысы аныкталды. 4 718 укук бузуу иши козголуп, алардын жыйынтыгы

Паспорт жана башка документтер 34%га кымбаттадыбы?

Паспорт жана башка документтер 34%га кымбаттадыбы?

Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик документтерге, түрдүү маалымкат кагаздарга баа көтөрүлгөнүн парламент жыйынында сүйлөп жатып айтты. Бекешев Министрлер Кабинетинин тѳрагасы демилгелеген “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысы эселеп өскөнүн айтты: "Түрдүү маалымкаттар, өзүбүз басып чыгарып жаткан паспорт жана башка бардык документтер

Кыргызстандагы жыл башынан берки интервенция 893 млн долларды түздү

Кыргызстандагы жыл башынан берки интервенция 893 млн долларды түздү

Жыл башынан бери валюталык интервенциялардын көлөмү 893,45 млн долларды түзгөнүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. "Абсолюттук көрсөткүчтө бул сумма мурунку жылдарга караганда жогору. Бирок Кыргыз Республикасынын экономикасы акыркы 4 жылда жылына туруктуу түрдө 10% өсүп жатат. Реалдуу сектордогу жүгүртүүнүн олуттуу көбөйүшү тышкы соода

Кыргызстандын эл аралык камдары 9 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын эл аралык камдары 9 млрд доллардан ашты

2026-жылдын 22-апрелине карата өлкөнүн эл аралык камдарынын көлөмү 9 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубековдун айтымында, жыл башынан бери эл аралык резервдер 4,7%га көбөйгөн.   Бул көрсөткүч өлкөнүн тышкы экономикалык туруктуулугун бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт. Ал эми Улуттук банктын бардык жүргүзүп жаткан