Казакстанда суунун тартыштыгы боюнча пессимисттик сценарий айтылды

Казакстанда суунун тартыштыгы боюнча пессимисттик сценарий айтылды

Бүгүн Казакстанда Суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов өлкөнүн суу менен камсыздалышы боюнча пессимисттик сценарийди сунуштаганын Tengrinews жазды.

Нуржигитовдун айтымында, алдыдагы вегетациялык мезгилде Казакстандын түштүк аймактарындагы дарыяларга суу агымы олуттуу түрдө кыскарат деп күтүлүүдө. Учурда Сырдарыя дарыясынын жогорку агымындагы, коңшу мамлекеттердин аймагында жайгашкан суу сактагычтардагы суунун көлөмү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 3,2 млрд куб метрге аз. Ал эми Казакстандын түштүк аймактарындагы суу сактагычтарда суунун көлөмү 1,9 млрд куб метрге кем (2026-жылдын 12-январына карата).

"Бул — күз-кыш мезгилиндеги жаан-чачындын азайышы, мөңгүлөрдөн түшкөн суунун кыскарышы жана климаттык өзгөрүүлөрдүн жалпы таасири менен шартталган объективдүү чындык. Бул факторлор узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ жана бизден системалуу адаптацияны талап кылат", — деп билдирди Нуржигитов.

Буга байланыштуу 2026-жылдын февраль айында министрлик суунун эң пессимисттик азаюу сценарийин эске алуу менен суу пайдалануунун такталган лимиттерин даярдайт. "Ал эми март айында Айыл чарба министрлиги суу абалына жараша айдоо аянттарынын түзүмүн кайра карап чыгат", — деп кошумчалады Нуржигитов.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз