18–19–20–21-февраль күндөрү "АгроДиалог–2026" агроөнөр жай форуму өтөт

18–19–20–21-февраль күндөрү "АгроДиалог–2026" агроөнөр жай форуму өтөт

18–19–20–21-февраль күндөрү жылдын маанилүү иш-чараларынын бири — "АгроДиалог–2026" агроөнөр жай форуму өтөт. Бул форумдун алкагында республика боюнча айыл чарба тармагындагы мыктылардын мыктысы — 20 өсүмдүк өстүрүү, 20 мал чарбачылыгы боюнча чемпиондор аныкталат.

Иш-чарага жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн эксперттер жана дыйкан-фермерлердин катышуусу күтүлүүдө. Форумдун жүрүшүндө өлкөнүн айыл чарба чемпиондору бардык кызыкдар тараптар менен ийгиликке жетүү сырларын бөлүшүп, өз тажрыйбаларын ортого салат.

Иш-чара 18–19–20-февраль күндөрү саат 09:00дөн тартып К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт. Ал эми форумдун жыйынтыктоочу бөлүгү 21-февраль күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулат.

Форумдун алкагында айыл чарбасынын ар бир багыты боюнча чемпион аталган мыкты дыйкан-фермерлер кызыл килемден өтүп, салтанаттуу иш-чара менен коштолот.
Ошондой эле агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү табууга шарт түзүлүп, ишкерлер үчүн бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын чет өлкөлөргө экспорттоого кеңири мүмкүнчүлүктөр жаралат.

"АгроДиалог–2026" агроөнөр жай форумунун күн тартиби:

  • 18-февраль — өсүмдүк өстүрүү багыты боюнча баарлашуу;
  • 19-февраль — мал чарбасы боюнча талкуу;
  • 20-февраль — кайра иштетүү жана экспорт маселелери боюнча талкуу;
  • 21-февраль — жыйынтыктоочу бөлүк.

Мындан тышкары окуңуз

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катардын энергетика министри Саад аль-Кааби Перс булуңундагы бардык энергия ташуучуларды экспорттоочу өлкөлөр жакынкы күндөрү форс-мажор жарыялашы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, мындай кырдаалда нефть баасы баррелине 150 долларга чейин көтөрүлүшү ыктымал. Министрдин сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы согуш дароо токтогон күндө да Катарга суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнү калыбына келтирүү үчүн бир

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

"Кепилдик фонд" ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Жапониядан келген делегация менен бир катар жолугушууларга катышты. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти. Делегацияны Точиги префектурасынын кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Анзай Катсуми жетектеп келди. Жолугушууларга жапон финансылык уюмдарынын өкүлдөрү жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү катышты. Жолугушууларда

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Финансы министрлигинде министр Алмаз Бакетаев кытайлык делегация менен жолугушту. Делегацияны Ли Синлун жетектеди, ал Шэньси провинциясынын финансы комитетинин башкармалыгынын директорунун орун басары болуп саналат. Жолугушууда тараптар биргелешкен инвестициялык фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Кыргыз тарап Кыргызстандын финансылык институттары жана Кытайдын Шэньси провинциясы катышкан инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады. Бул фонд чакан жана

Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

10-мартта Бишкектин айрым аймактарында реконструкция иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. 2026-жылдын 10-мартында саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Суу төмөнкү аймакта өчүрүлөт: