Ысык-Көл, Соң-Көлгө быйыл 17,6 млн чабак кое берилет

Ысык-Көл, Соң-Көлгө быйыл 17,6 млн чабак кое берилет

2026-жылы Ысык-Көлгө 14,1 млн чабак, 3,5 млн чабак Соң-Көлгө кое берилерин Кыргыз Республикасынын президентинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда билдирди.

Анын айтымында, Президенттин демилгеси менен жана жеке көзөмөлүндө Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон тазалоо иштери улантылып жатат.
"Бул аралыкта тонналаган торлор алынган. Көлгө тор салгандарга жана электр тогун колдонуп балык кармагандарга катуу чаралар көрүлүп жатат. Бул аракеттердин натыйжасы салыштырмалуу ыкчам байкалууда. Ысык-Көлдүн жээктеринен чабак топторунун видеолору жарыяланды", — деди ал.

Президенттин жарлыгынын негизинде Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балык кармоого мораторий киргизилген. Бул чечимдин натыйжасында көлдөрдүн экосистемасын калыбына келтирүү иштери активдүү жүргүзүлүп, 2025-жылы Ысык-Көлгө 13,6 млн, Соң-Көлгө 5,6 млн жаш балык чыгарылган.

Мындан тышкары окуңуз

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

25-августта Жаза аткаруу кызматынын ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн каралган №19-түзөтүү колониясынын башчысы, майор Ж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "Пара талап кылуу"

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Суу шаарында жол куруу иштеринин сапатына байланыштуу жарандардын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында асфальт төшөө иштери белгиленген талаптарга жооп бербей турганы аныкталды. Айрым жерлерде асфальт катмары сыйрылып, көчүп жатканы жана курулуш учурунда технологиялык талаптар сакталбаганы белгиленди. Аталган

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти. Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери "Байтик" көмөк чордонунан чыгуучу 10 кВ