Кыргызстан дүйнөнүн 185 мамлекети менен дипломатиялык мамилени орнотту
2025-жылы Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн географиясы кыйла кеңейди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Эфиопияда Кыргызстандын алгачкы элчилиги ачылды, бул өлкөнүн Африка континентиндеги позициясын чыңдоодогу маанилүү кадам болду.
"Ошондой эле Кыргызстандын Египетте элчилигин түзүү чечими кабыл алынды. Бул өлкө үчүн Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада жаңы стратегиялык келечекти ачат.
2025-жылы Кыргызстан дагы 13 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди орнотту. Ошентип, жылдын аягына карата Кыргызстан дүйнөнүн 185 өлкөсү (дүйнө жүзүндө 195 мамлекет бар) менен дипломатиялык байланышта турат", — деп белгиледи тышкы саясий мекеменин башчысы.