Кыргызстан инвесторлорго 30 жылдык виза жана салык жеңилдиктерин берүүнү пландап жатат

Кыргызстан инвесторлорго 30 жылдык виза жана салык жеңилдиктерин берүүнү пландап жатат

Кыргызстан тышкы инвесторлор үчүн 20–30 жылдык узак мөөнөттүү визаларды киргизүүнү караштырып жатат. Бул визаларды алуу үчүн инвесторлор экономикалык өнүгүү үчүн өлкөгө 300–400 миң доллардан кем эмес каражат салууга даяр болушу керек.

Бул тууралуу Президенттин алдындагы Улуттук инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев "Биринчи радио" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мындай чара Кыргызстандын түз инвестициялар үчүн глобалдык атаандаштыкта өз позициясын күчөтүүгө багытталган. Дүйнөдө түз инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 1,2 триллион долларды түзүп жаткан учурда республика инвесторлор үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүүгө аракет кылууда.

Жалын Жээналиев белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекет инвесторлорго жер тилкелерин гана эмес, ошондой эле кеңири жеңилдиктер пакетин сунуштап келет.

Атап айтканда, инвесторлор чийки заттар жана жабдуулар үчүн бажы төлөмдөрүнөн бошотулууга, ошондой эле ири, улуттук жана стратегикалык долбоорлор үчүн үч түрдүү салыктан беш жылга чейин бошотулууга укуктуу, бул мөөнөт дагы беш жылга узартылышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу суу коргоо зонасындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Оштогу суу коргоо зонасындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Абыш-Сай тилкесинде жайгашкан курулуш объектилерине текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө К.А.К. аттуу жаранга тиешелүү 78 гектар жер аянтында курулган кичи жана капиталдык объектилер

Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Араван райондук мамлекеттик администрациясында айыл чарба тармагына арналган кеңешме жыйыны болуп өттү. Жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйында район аймагындагы жазгы талаа иштерине даярдык маселеси каралып,

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Кечээ Берлин шаарында ITB Berlin 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын туроператорлору үчүн расмий кабыл алуу уюштурду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Deutscher Reiseverband (DRV)

"Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн

"Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн

"Кепилдик фонду" ААК түзүлгөндөн бери ишкер айымдарга жалпы суммасы 12 млрд сомдон ашкан насыя алууга көмөктөшкөнүн фонддун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рейна Курманкожоева билдирди. Маалыматка ылайык, фонд тарабынан берилген жалпы кепилдиктердин 38%ы (4 885) аялдардын бизнесине багытталган. "Ишкер айымдар алган насыялардын жалпы суммасы 12 млрд сомду