Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Кечээ Берлин шаарында ITB Berlin 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын туроператорлору үчүн расмий кабыл алуу уюштурду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Deutscher Reiseverband (DRV) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана стратегиялык кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында өткөрүлдү. Аталган меморандумга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын ноябрь айында Германияга болгон расмий иш сапарынын алкагында кол коюлган.

Иш-чараны Туризм департаменти жана Германиянын Туризм ассоциациясы (DRV) Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, Кыргызстандын туристтик уюмдар ассоциациясы (КАТО) менен биргеликте GIZдин "Жашыл экономика" долбоорунун колдоосу менен уюштурушту.

Ачылышында Германиянын Туризм ассоциациясынын президенти, Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев, Германиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Ленхард, Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов жана тармак өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Иш-чарага Германиянын туризм тармагынын, ассоциацияларынын жана мамлекеттик органдарынын 300гө жакын өкүлү катышты. Кабыл алуунун алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Чыңгыз Айтматов атындагы юбилейлик Эл аралык Ысык-Көл форуму тууралуу презентациялар өткөрүлдү.

Иш-чара ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, өнөктөштүктү бекемдөөгө жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн Европа рыногунда жайылтууга өбөлгө түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кооперациясын өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кооперациясын өнүктүрөт

КРнын Соода-өнөр жай палатасы жана Кытайдын Эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү комитети (CCPIT) өнөр жай кооперациясы боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу 30-октябрда мекемеден маалымдады. Негизги багыттардын бири — Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Өнөр жай кооперациясы борборун өнүктүрүү. Маалыматка караганда, кытайлык өнөктөштөрдү тартуу менен Кыргызстандын экономикасынын

Ишкер Media
Адылбек Касымалиевге - Эмгек Баатыры наамы, үч жетекчиге Манас ордени ыйгарылды

Адылбек Касымалиевге - Эмгек Баатыры наамы, үч жетекчиге Манас ордени ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы ыйгарылды. Ал эми I даражадагы "Манас" ордени менен төмөнкү жетекчилер сыйланды: * Айбек Жунушалиев — Бишкек шаарынын мэри; * Улан Ниязбеков — ички иштер

Ишкер Media
Кыргызстанга Кытайдан тартылган инвестиция 2 млрд доллардан ашты

Кыргызстанга Кытайдан тартылган инвестиция 2 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Синьцзян аймагында өткөн Ишкер кеңештин жыйынына катышты. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы маалымдады. Жыйында ал кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө ишкерлердин ролу маанилүү экенин белгилеп, кыргыз продукциясын Кытай рыногуна чыгаруу, жаңы транспорттук каттамдарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Анын айтымында,

Ишкер Media
Китеп басып чыгуу боюнча мамлекеттик программа талкууланды

Китеп басып чыгуу боюнча мамлекеттик программа талкууланды

МинКаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов 2027-2030-жылдарга карата мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программага байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда аталган программанын иш-аракеттер планы, окуу китептеринин сапатын камсыздоо, эксперттик баалоо механизмдерин өркүндөтүү жана мектеп китепканаларын санариптештирүү маселелери каралды. Анын жүрүшүндө агартуу министрлигинин өкүлдөрү окуу китептерин эксперттик

Ишкер Media