Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Араван райондук мамлекеттик администрациясында айыл чарба тармагына арналган кеңешме жыйыны болуп өттү. Жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жыйында район аймагындагы жазгы талаа иштерине даярдык маселеси каралып, Араван жана Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын 2025-жылдагы негизги багыттар боюнча аткарган иштери тууралуу маалымат угулду.

Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын түшүмү үчүн район аймагында 22 миң гектардан ашык аянтка айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүү пландалууда. Анын ичинде буудай, арпа, картошка, жашылча, жүгөрү, бахча өсүмдүктөрү, пахта, тамеки жана күрүч бар.

Мындан тышкары, "Айыл чарбасын каржылоо – 13" долбоорунун алкагында 2025-жылдын аягына карата Араван районунда 208 жаранга жалпы 163,8 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берилгени маалымдалды.

Кеңешменин жүрүшүндө Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев айыл чарба тармагындагы иштерди күчөтүү, дыйкандар менен тыгыз иш алып баруу, тамчылатып сугаруу технологияларын жайылтуу жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле берилген насыялардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө керектигин айтты.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу өткөрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен