Чет өлкөдөгү ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салык 0,1%га төмөндөдү
Мамлекеттик салык кызматы КРнын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салык ставкасы 1%дан 0,1%га чейин төмөндөтүлгөнүн маалымдады.
Мындан тышкары, эгерде бул субъекттер жалпы салык режимин колдонууга укуктуу болсо, алар 2026-жылдын 1-январынан тартып бир гана бирдиктүү салык режиминин алкагында иш жүргүзө алышат.
Чет өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландап жаткан салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоодон өткөн жерине арыз тапшырып, 0,1%дык ставкадагы бирдиктүү салыкка өтүүгө милдеттүү. Салыктык режимге ылайык салыктар арыз берилген күнүнө карабастан 2026-жылдын 1-январынан тартып эсептелет.
Салык кызматы мындай өзгөртүүлөр салык төлөөчүлөрдүн жеңилдетилген шартта чет өлкөлүк ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга багытталганын белгилейт.