Кытай бензин экспортун убактылуу токтотууну буйруду

Кытай бензин экспортун убактылуу токтотууну буйруду

Кытай бийлиги жергиликтүү мунай иштетүүчү заводдордон автомобилдик бензин жана дизелдик күйүүчү майды экспорттоону убактылуу токтотууну талап кылганын Bloomberg агенттиги жагдайдан кабардар булактарга таянып билдирди.

Маалыматка караганда, Пекиндин мындай чечими Жакынкы Чыгыштан чийки мунай жеткирүүдөгү үзгүлтүктөргө байланыштуу кабыл алынган. Бул көйгөйлөр Ирандагы согуштук кырдаалдан улам пайда болгон.

Кытай бийлиги бензин менен дизелдин экспортун убактылуу токтотуу ички рыноктогу абалды турукташтырууга жардам берет деп эсептейт.

Ошондой эле Кытайдагы ири мунай иштетүүчү компанияларга:

  • жаңы экспорттук келишимдерди убактылуу түзбөй туруу,
  • мурда макулдашылган айрым жеткирүүлөрдү жокко чыгаруу

сунушталды.

Бирок төмөнкү күйүүчү майларга өзгөчө уруксат берилген:

  • авиациялык күйүүчү май,
  • бункердик күйүүчү май (кемелер үчүн).

Мындан тышкары, жеткирүүлөрдү Гонконг жана Макаого улантууга уруксат берилген.

Эксперттердин айтымында, Кытай Ормуз кысыгынын жабылышынан эң көп жабыркашы мүмкүн болгон өлкөлөрдүн бири. Бул деңиз жолу аркылуу жакынкы убакка чейин дүйнөлүк мунай соодасынын үчтөн бир бөлүгү өткөн.

2024-жылы Кытайдын мунай импортунун болжол менен 14%ы Ирандан келген.

Адистердин баамында, 2026-жылдын жаз айынын башында Кытай топтогон мунай запастары 130 күндөн ашык убакытка жетиши мүмкүн.

Эгерде Иран менен АКШ жана Израиль ортосундагы жаңжал узакка созулуп, ири согушка айланып кетсе, Кытайдын күйүүчү май рыногундагы абал дагы татаалдашы мүмкүн.

Мурда Ислам революциясынын сакчылары корпусу 10 танкерге сокку урганын жана Ормуз кысыгын толук көзөмөлдөп жатканын билдирген.

Ормуз кысыгы жабылгандан кийин анын эки тарабында ондогон танкерлер топтолуп калган.

Эске салсак, бул кысык аркылуу дүйнөдөгү:
мунайдын болжол менен 20%ы,
суюлтулган жаратылыш газынын 30%ына чейин

өтөт. Бул энергия ресурстары Ирак, Сауд Арабиясы, Кувейт, Бахрейн, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарысыяктуу Перс булуңундагы өлкөлөрдөн Азия базарына жөнөтүлөт.

Бул маанилүү деңиз коридорунун жабылышы энергия ресурстарынын баасынын кескин өсүшүнө алып келиши мүмкүн. Эксперттер мунайдын баасы баррелине 100 долларга чейин жетиши мүмкүн деп болжолдошууда.

Мындан тышкары окуңуз

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында заманбап технологияларды колдонуу кеңейтилүүдө. Азыркы тапта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media