"Мамлекеттик Финансылык Холдинг" Чаткалдагы ГЭС каскадын курууга 61 млн доларга кепилдик берди

"Мамлекеттик Финансылык Холдинг" Чаткалдагы ГЭС каскадын курууга 61 млн доларга кепилдик берди

"Мамлекеттик финансылык холдинги"ААКы "Грант Холдинг" ЖЧКсынын "Элдик Банк" ААКсынын алдындагы кредиттик милдеттенмелерине 60 млн 950 миң доллар сумммада кепилдик бергени мамлекеттик холдингдин Кыргызстандын фондулук биржасындагы отчетунда камтылганын "economist.kg" сайты жарыялады.

Бул ири макулдашуу 2025-жылдын 25-декабрында үч тараптуу кепилдик келишими алкагында жүргүзүлгөн. Мамлекеттик колдоонун берилишине — МинКабдын 2025-жылдын 19-декабрындагы №1126-р токмому негиз болгон. Милдеттенмелердин көлөмү операция жүргүзүлгөн учурда холдингдин активдеринен 10% ашкан.

Алынган каражаттар Жалал-Абад облусунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашырууга багытталат. Долбоор Чаткал дарыясындагы Чаткал чакан гидроэлектростанциялары каскадын куруу, иштетүү жана тейлөө боюнча жүргүзүлөт (Каныш-Кыян айылдык аймагы).

Долбоордун жалпы кубаттуулугу — 145,89 МВт. Каскадга төмөнкү төрт станция кирет:

  • "Башкы-Терек";
  • "Коргон-Сай";
  • "Чуңкурчак";
  • "Айгыр-Джал".

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке