Өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча 1,26 млрд даана смартфон сатылган
2025-жылы дүйнө жүзү боюнча 1,26 млрд даана смартфон сатылганын Интерфакс Эл аралык маалыматтар корпорациясынын (IDC) алдын ала эсептөөлөрүнө таянуу менен билдирди.
Анда белгиленгендей, октябрь-декабрь айларында уюлдук телефон сатуу көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 2,3%га өсүп, 336,3 млн бирдикке жеткен.
Негизги өсүш премиум класстагы өндүрүүчүлөр Apple Inc. (6,3%) жана Samsung (7,9%) болуп, алар алдыңкы бештиктин арасында эң жогорку өсүү темпин көрсөтүштү.
Apple жана Samsung'дун жалпы рыноктук үлүшү мурунку жылдагы 37%дан жогорулап, 39% түзгөн.