Кыргызстанда эмгек китепчелерин жүргүзүү эрежелери өзгөрдү

Кыргызстанда эмгек китепчелерин жүргүзүү эрежелери өзгөрдү

Кыргызстанда эмгек китепчелерин жүргүзүүнүн мурдагы тартиби расмий түрдө жокко чыгарылды — эски эрежелерди колдонууга мындан ары тыюу салынат. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы №462 токтому 2025-жылдын 8-декабрындагы Министрлер кабинетинин №789 токтомунун негизинде күчүн жоготту деп табылды.

Анын ордуна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-декабрындагы №345 буйругу кабыл алынып, анда эмгек китепчесинин жаңы формалары жана аларды жүргүзүү тартиби бекитилди.

Жаңы талаптарга ылайык, эми эмгек китепчеси кагаз түрүндө жана (же) электрондук форматта жүргүзүлүшү мүмкүн. Форматты тандоо кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу аркылуу гана аныкталат.

Жаңы тартипке ылайык, эмгек китепчесине таанышуу барактарын, буйруктардын көчүрмөлөрүн жана башка документтерди чаптоого катуу тыюу салынат.

Айрыкча белгиленип өткөндөй, фамилияны, ысымды, атасынын атын, туулган күндү, билим жөнүндө маалыматтарды жана башка жеке маалыматтарды өзгөртүү акыркы иш ордунда гана, тиешелүү ырастоочу документтердин негизинде жана белгиленген тартипти так сактоо менен жүргүзүлөт.

Кадрдык башкаруу жана эмгек укугу боюнча эксперт Чолпон Адамалиеванын айтымында, бул өзгөрүүлөр кадр кызматтарынын көпчүлүгүнүн ишине таасирин тийгизип, эмгек талаш-тартыштарынын жаралуу коркунучун жаратат.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдо дрон учурууга чектөө киргизилди

Караколдо дрон учурууга чектөө киргизилди

Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы эл аралык иш-чараларга байланыштуу айрым аймактарда аба мейкиндигин пайдаланууга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Каракол шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 27-августтан 10-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында дрон учурууга чектөө киргизилет. Ошондой эле бул мезгилде тиешелүү уруксаты жок жалпы авиациялык

Кара-Суудагы эски мектептин имараты бала бакча болот

Кара-Суудагы эски мектептин имараты бала бакча болот

Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Ачы айылындагы №108-мектептин имаратын бала бакча кылуу боюнча тендер жарыяланды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, сатып алуунун болжолдуу баасы 8 040 635 сомду түзөт. Сатып алуу ыкмасы – эки конверттүү ачык тендер, ал эми баалоодо стандарттуу ыкма

Мыйзамсыз аңчылык кылган жаранга айып пул салынып, зыян үчүн доо коюлду

Мыйзамсыз аңчылык кылган жаранга айып пул салынып, зыян үчүн доо коюлду

Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына мыйзамсыз аңчылык жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымат түшүп, анын негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аймактык башкармалыктын тескөөчүлөрү ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды аткарышкан. Жыйынтыгында уруксат берүүчү документтери жок аңчылык кылган жаранга Укук бузуулар

Эмгекчилердин укугун коргоо боюнча кызматташуу макулдашылды

Эмгекчилердин укугун коргоо боюнча кызматташуу макулдашылды

Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу менен Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.  Федерациянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, макулдашуу тараптардын социалдык өнөктөштүгүн бекемдөөгө, кызматкерлердин укуктарын коргоого жана иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосунда конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө багытталган. Тараптар эмгек мамилелери, эмгекти коргоо