Кыргызстанда 2026-жылдын аягында санарип сом ишке киргизилет

Кыргызстанда 2026-жылдын аягында санарип сом ишке киргизилет

Кыргызстандын Министрлер Кабинети 2026-жылдын аягында санарип сомду ишке киргизүүнү пландап жатканы МинКабдын иш-аракеттер планында көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, пилоттук долбоор 2026-жылдын IV кварталында башталып, 2027-жылдын II кварталына чейин уланат.

Бул мезгил аралыгында санарип сом платформасы иштелип чыгып, ортомчуларсыз P2P которууларды сыноо жүргүзүлөт.

Долбоорду каржылоо Улуттук банктын ресурстарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Буга чейин Улуттук банк төрагасы Мелис Тургунбаев санарип сом улуттук валютанын үчүнчү формасы катары — накталай жана накталай эмес акчалар менен катар — мыйзам жүзүндө бекитилерин билдирген. Физикалык жана юридикалык жактар накталай жана санарип формадагы каражаттардын ортосунда которууларды жүргүзө алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 5,5 миңден ашуун бош жумуш орундары бар

Кыргызстанда 5,5 миңден ашуун бош жумуш орундары бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 5 547 бош вакансия катталган. Эң жогорку суроо-талап жумушчу кесиптерге байкалууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Учурда республика боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,3%ды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуз жарандардын саны 56,5 миң

Кыргызстанда жаңы 23-банк ачылды

Кыргызстанда жаңы 23-банк ачылды

Улуттук банк башкармалыгынын 2026-жылдын 14-январындагы чечими менен "Алма Финанс Банк" жабык акционердик коомуна улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилди. Буга чейин өлкөдө жаңы коммерциялык "Берекет Банкы" ачылган жана ал өлкөдөгү 22-банк болгон. Эскерте кетсек, 2025-жылдын 30-июлунда Юстиция министрлиги "Алма Финанс

ЕАЭБ талаптарына жооп бербеген 11,7 тонна колбаса азыктары артка кайтарылды

ЕАЭБ талаптарына жооп бербеген 11,7 тонна колбаса азыктары артка кайтарылды

Чүй облусуна караштуу "Ак-Тилек чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 11 720 кг колбаса азыктары аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти. Текшерүү чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптары

Ташкент келерки 5 жылда туристтердин санын 20 миллионго жеткирүүнү көздөйт

Ташкент келерки 5 жылда туристтердин санын 20 миллионго жеткирүүнү көздөйт

Өзбекстан 2030-жылга чейинки туризмдиy ИДӨдөгү үлүшүн азыркы 3,5%дан 7%га чейин көбөйтүү пландап жатканын Туризм комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Өзбекстанга жылына 11 миллиондон ашык чет элдик жаран келет. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 20 млн адамга жеткирүү пландалып жатат. Анын ичинде төлөө мүмкүнчүлүгү жогору туристтердин үлүшүн арттырууга өзгөчө