Кыргызстандан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөдү
Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөгөнүн маалымдады.
Салык кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 1 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Эгерде бул субъекттер жалпы салык режимин колдонууга укуктуу болсо, анда 2026-жылдын 1-январынан тартып алар бир гана бирдиктүү салык режиминин алкагында иш жүргүзө алышат.
Чет өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландап жаткан салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча 0,1 пайыздык ставкадагы бирдиктүү салыкка өтүү тууралуу арыз тапшырууга милдеттүү.
Бул учурда көрсөтүлгөн салык режимине ылайык салыктарды төлөө арыз берилген күнүнө карабастан, белгиленген мөөнөттүн чегинде 2026-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлөт.
Эске салсак, Салык кодексине бул өзгөртүүлөр 2025-жылдын 31-декабрындагы Кыргыз Республикасынын «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык киргизилген.