Салыктык эмес кирешелердин өсүшү 2025-жылдын бюджет профицитине таасир эткен

Салыктык эмес кирешелердин өсүшү 2025-жылдын бюджет профицитине таасир эткен

Кыргыз Республикасынын бюджети рекорддук профицит менен аткарылганын Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду (ЕФСР) тарабынан даярдалган 2025-жылдын декабрындагы докладда айтылат.

Докладдын авторлорунун белгилешинче, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КР УБ) 2024-жыл үчүн алган 45,7 млрд сом өлчөмүндөгү таза кирешесинин республикалык бюджетке которулушу (бул ИДПнын 3,7%ын түзөт) 2025-жылдын январь–сентябрь айларында салыктык эмес кирешелердин көлөмүн ИДПга карата 10,8%га чейин көбөйтүүгө алып келген. Бул көрсөткүч өткөн жылы 7,1% ИДП болгон.

Ошол эле учурда:

  • Салыктык кирешелер 1,4%дык пунктка өсүп, ИДПнын 23,1%ын түздү;
  • Трансферттер 0,1%дык пунктка азайып, 0,7% ИДП деңгээлинде калды;
  • Жалпы кирешелердин көлөмү, натыйжада, ИДПнын 34,6%ына чейин өстү.

Чыгашалардын өсүшү салыштырмалуу төмөн деңгээлде (+2,3%дык пункт) болгондуктан, бюджет профицити ИДПнын 6,9% деңгээлинде калыптанып, өткөн жылдагы көрсөткүчтөн (4,2% ИДП) кыйла жогору болду.

Мындан тышкары окуңуз

Токмок шаарынын жаңы мэри дайындалды

Токмок шаарынын жаңы мэри дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кутпидин Абдырахманович Шакиров Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды. Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынган. Маалыматка ылайык, Кутпидин Шакиров 1977-жылдын 6-июнунда Баткен облусунун

Базар-Коргондо 200 тонна мөмө-жемиш сактоочу кампа пайдаланууга даяр

Базар-Коргондо 200 тонна мөмө-жемиш сактоочу кампа пайдаланууга даяр

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Нурдин Довлетов Базар-Коргон районуна караштуу Сайдыкум айыл аймагындагы мөмө-жемиш сактоочу кампасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Кампа Айгыр-Жал участкасында муниципалдык менчиктеги жер тилкесине курулган. Логистикалык борбор 2024-жылы CASA-1000

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катардын энергетика министри Саад аль-Кааби Перс булуңундагы бардык энергия ташуучуларды экспорттоочу өлкөлөр жакынкы күндөрү форс-мажор жарыялашы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, мындай кырдаалда нефть баасы баррелине 150 долларга чейин көтөрүлүшү ыктымал. Министрдин сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы согуш дароо токтогон күндө да Катарга суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнү калыбына келтирүү үчүн бир

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

"Кепилдик фонд" ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Жапониядан келген делегация менен бир катар жолугушууларга катышты. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти. Делегацияны Точиги префектурасынын кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Анзай Катсуми жетектеп келди. Жолугушууларга жапон финансылык уюмдарынын өкүлдөрү жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү катышты. Жолугушууларда