"Чатыр-Көл" кинотеатрынын имараты Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлдү

"Чатыр-Көл" кинотеатрынын имараты Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлдү

МинКаб Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине борбордогу "Чатыр-Көл" кинотеатрынын имаратын 40 сотых жери менен кошо мэриянын менчигине өткөрүп берүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин токтомунда кинотеатрдын ордуна балдар жана кары-картаңдар үчүн кызмат кылуучу социалдык мекеме тургузулары жазылган. Чечим элдин жашоосун жакшыртуу, балдарга жана улгайган адамдарга жеткиликтүү социалдык кызмат көрсөтүү максатында кабыл алынганы кабарланды.

“Чатыр-Көл” кинотеатры 1967-жылы курулган.

Мыйзамсыз менчиктештирилгени айтылган кинотеатр 2010-жылы мамлекеттин карамагына алынып, “Учур” театрына берилген. 2012-жылы Бишкектин менчигинен алынып, ал кездеги Маданият жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилген.

Оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөн имаратта бир нече жолу өрт чыккан. Акыркы жолу былтыр ноябрь айында күйүп кеткен соң, мэрия аны өз карамагына алары белгилүү болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катардын энергетика министри Саад аль-Кааби Перс булуңундагы бардык энергия ташуучуларды экспорттоочу өлкөлөр жакынкы күндөрү форс-мажор жарыялашы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, мындай кырдаалда нефть баасы баррелине 150 долларга чейин көтөрүлүшү ыктымал. Министрдин сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы согуш дароо токтогон күндө да Катарга суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнү калыбына келтирүү үчүн бир

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

"Кепилдик фонд" ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Жапониядан келген делегация менен бир катар жолугушууларга катышты. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти. Делегацияны Точиги префектурасынын кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Анзай Катсуми жетектеп келди. Жолугушууларга жапон финансылык уюмдарынын өкүлдөрү жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү катышты. Жолугушууларда

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Финансы министрлигинде министр Алмаз Бакетаев кытайлык делегация менен жолугушту. Делегацияны Ли Синлун жетектеди, ал Шэньси провинциясынын финансы комитетинин башкармалыгынын директорунун орун басары болуп саналат. Жолугушууда тараптар биргелешкен инвестициялык фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Кыргыз тарап Кыргызстандын финансылык институттары жана Кытайдын Шэньси провинциясы катышкан инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады. Бул фонд чакан жана

Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

10-мартта Бишкектин айрым аймактарында реконструкция иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. 2026-жылдын 10-мартында саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Суу төмөнкү аймакта өчүрүлөт: