Эмне үчүн айрым ишкерлер Qr код же электрондук капчык аркылуу төлөмдөрдү кабыл албай жатышат?

Эмне үчүн айрым ишкерлер Qr код же электрондук капчык аркылуу төлөмдөрдү кабыл албай жатышат?

Базарларда же соода түйүндөрүндө кээ бир жеке ишкерлер нак акча менен соода кылууну талап калып жатканы азыр жарандар арасында түшүнбөстүк жаратууда. Массалык түрдө аталган жагдай байкалбаганы менен мындай фактылар бар. Буга байланыштуу Мамлекеттик Салык кызматынын банктар менен өз ара иш алып баруу боюнча башкы инспектор Аяна Айтиева бүгүн Биринчи радиого түшүндүрмө берди.

Адистин айтымында, көбүнчө ишкердик менен алектенген субъектилер өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жеке жактарга же башка бирөөлөргө катталган накталай эмес төлөм инструменттерин колдонушат. Бирок, ишкер сөзсүз түрдө ишкердик операцияларын ишкердик эсебине байланган электрондук капчыгы менен жүргүзүшү керек.

“Мисалы мен жеке ишкермин дейли. Мен анда Кыргызстандагы каалаган коммерциялык банктан эсеп ачышым керек. Бизде 23 коммерциялык банк бар. Ошонун бирин тандап алып, ал жактан сөзсүз түрдө ишкердик эсебин ачып, ал эсепке  ишкердик электрондук капчыкты байлашым керек”- дейт Айтиева.

Салык кызматынын өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, бул талап жаңычылык болуп эсептелбейт. Убагында коммерциялык банктар буга көзөмөл жүргүзбөй коюшкан. Ал эми салык кызматы азыр ишкерлердин жеке электрондук капчыгын же башка адамдарга катталган электрондук капчыктарын колдонгондугу үчүн административдик жоопкерчиликти гана киргизгендигин белгиледи.

“Банк мыйзамдарына жана Улуттук банк менен Минкаб тарабынан бекитилген банк эсептери жана аманаттар менен иштөө боюнча нускамасына ылайык, эгер ишкер банкта жеке эсеп ачкан болсо, аны жеке максаттарда гана колдонушу шарт. Аны менен коммуналдык кызматтар, байланыш кызматына, азык-түлүккө ж.б сатып алууга карата жеке капчыгын колдонсо болот. Эгерде коммерциялык банк тобокелдикке негизделген моделдерге ылайык, сиздин жеке капчыгыңызды ишкердик максаттарда колдонуп жатканыңызды аныктаса, өз кардарына карата тиешелүү чараларды көрөт”.

Тагыраагы, бизнес үчүн ачылган эсепке эмес, жеке эсеби аркылуу ишкердик операциялар жүргүзүлүп жаткан болсо, коммерциялык банк тарабынан айып пул салынышы күтүлөт.

Ушуга байланыштуу, айрым амалкөй ишкерлер бизнес үчүн ачкан банк эсебиндеги каражаты ири болуп кетсе, ага ылайык салык төлөмү да өсүп кетишин алдын алып, базарларда же соода түйүндөрүндө нак акча менен соода кылып жаткандыгы айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Бишкек шаарынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде жаңы "Муниципалдык менчик ижарасы" функциясы ишке киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Жаңы функция ижарачылар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылып, мекемелерге баруу жана кагаз документтерди толтуруу зарылдыгын жоёт. Бул өз кезегинде убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүү туруктуу өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таюнуу менен билдирди. Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүү тармагы ИДПнын түзүмүндө дээрлик 50% үлүштү ээлеп, экономиканын негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. Бул тармак экономикалык өсүшкө 4,82%дык

2025-жылдын IV чейрегинде төлөм системаларында 95 мүчүлүштүк катталган

2025-жылдын IV чейрегинде төлөм системаларында 95 мүчүлүштүк катталган

Кыргызстанда 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде төлөм системаларынын ишинде 95 штаттан тышкаркы жагдай катталган. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын талдоосунда айтылат. Маалыматка ылайык, мындай үзгүлтүккө учуроонун негизги себептери ар түрдүү болгон. Анын ичинен кызмат көрсөтүүчүлөргө байланышкан көйгөйлөр 42,11%ды түзсө, электр энергиясынын өчүшү 35,79% түзгөн. Аппараттык-программалык жабдуулардагы мүчүлүштүктөр 16,84%

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кылмыш иштери боюнча күбө катары сурак берип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине таянып, “Кабар” агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин УКМКнын айрым мурдагы кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголуп, алар камакка алынган. Эске салсак, Камчыбек Ташиев 10-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан