"Кепилдик фонд" 90 млн доллардан ашык инвестиция тартты

"Кепилдик фонд" 90 млн доллардан ашык инвестиция тартты

"Кепилдик фонд" АККсы Дүйнөлүк банктан 90 млн доллардан ашык инвестиция тартып келгенин "Кепилдик фонд" ААКынын башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, "Кепилдик фонд" өткөн жылы Дүйнөлүк банктын 32 млн долларлык долбоорун 1,5-2 жыл эрте бүтүрүп, жогорку баага татыган.

“Дүйнөлүк банктын 35 жылдыгынын ичинде мындай эрте бүткөн долбоорлор жок болчу. Андан тышкары, биз Дүйнөлүк банктын Highly satisfactory эң жогорку баасын алдык. Бул баа банкттын айрым гана жакшы иштеген долбоорлоруна берилет. Биздин ишибиз жакшы болгондуктан, Дүйнөлүк банк дагы Кыргызстанга 120 млн доллар берди. Ошол каражаттын 59 млн доллары “Кепилдик фондго” берилди”,- дейт башкармалыктын төрагасы.

Белгилей кетсек, фонд тарабынан кепилдиктер гана берилбестен, ишкердик пландарды түзүүдө, коорпоративдик системаны киргизүүдө ишкерлерге жардам берилип жатканы маалымдалды.

“Мисалы, өткөн жылы аялдардын ишкердигин колдоого 658 кепилдик берилип, жалпы сандын 40%ын түзгөн. Ал эми кепилдиктердин жалпы суммасы 586,2 млн сом, насыялардын көлөмү 2,5 млрд сом болгон”,- деди ал.

Эске салсак, "Кепилдик фонд" АККсы 2016-жылы түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз