Кыргызстанда эт сатуучу мобилдик дүкөндөр ачылат

Кыргызстанда эт сатуучу мобилдик дүкөндөр ачылат

"Кыргыз Агрохолдинг" ААКы мобилдик эт сатуу пункттары долбоорунун бет ачарын өткөргөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Анда калкты сапаттуу эт азыктары менен социалдык баада камсыз кылууга багытталган пилоттук долбоор сунушталды. Анын алкагында заманбап мобилдик соода пункттарын (фудтрактарды) ишке киргизүү пландалып жатат.

"Бул демилге азык-түлүк жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, өндүрүүчүдөн керектөөчүгө түз жеткирүү механизмин түзүүгө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, долбоордун ишке ашырылышы шаардын тургундарынын жана алыскы аймак жашоочуларынын эт азыктарына болгон жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, ички рыноктун туруктуулугуна салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз