Мамлекеттик кинолор, сериалдар монетизацияланат

Мамлекеттик кинолор, сериалдар монетизацияланат

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев кечээ Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында мамлекеттик кино өндүрүшүнө бөлүнгөн каражаттын кайтарылышы жана өлкөдөгү кинопрокаттын абалы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, “Кыргызфильм” жана “Кыргызсериал” студиялары тарабынан тартылган тасмалар бүгүнкү күнгө чейин агартуучулук жана көркөмдүк жактан артыкчылыкка ээ.

“Мамлекеттик студиялардын долбоорлору пайда табууга багытталган эмес. Бирок биз азыр стратегияны баштан-аяк өзгөртүп жатабыз”, - деди Марат Тагаев.

Ошондой эле ал Кыргызстандагы миллиондогон кирешелерди алып келген жеке кино өндүрүш чөйрөсү реформаларга түрткү болгонун айтты. Ушул жылдан баштап мамлекеттик долбоорлор монетизацияланат.

Белгиленгендей, “Кыргызфильмде” атайын көрүүчүлөргө ылайыкталган кино тасмаларды тартуу үчүн өзүнчө багыт түзүлгөнМамлекеттик кинолор, сериалдар монетизацияланат. Мамлекет жыл сайын прокатка чыгарыла турган 2-3 коммерциялык фильмди каржылайт. Мамлекеттик буйрутма боюнча тартылган бардык сериал жана фильмдер кино рыногунда киреше табууга ылайыкташтырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катардын энергетика министри Саад аль-Кааби Перс булуңундагы бардык энергия ташуучуларды экспорттоочу өлкөлөр жакынкы күндөрү форс-мажор жарыялашы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, мындай кырдаалда нефть баасы баррелине 150 долларга чейин көтөрүлүшү ыктымал. Министрдин сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы согуш дароо токтогон күндө да Катарга суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнү калыбына келтирүү үчүн бир

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

"Кепилдик фонд" ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Жапониядан келген делегация менен бир катар жолугушууларга катышты. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти. Делегацияны Точиги префектурасынын кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Анзай Катсуми жетектеп келди. Жолугушууларга жапон финансылык уюмдарынын өкүлдөрү жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү катышты. Жолугушууларда

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Финансы министрлигинде министр Алмаз Бакетаев кытайлык делегация менен жолугушту. Делегацияны Ли Синлун жетектеди, ал Шэньси провинциясынын финансы комитетинин башкармалыгынын директорунун орун басары болуп саналат. Жолугушууда тараптар биргелешкен инвестициялык фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Кыргыз тарап Кыргызстандын финансылык институттары жана Кытайдын Шэньси провинциясы катышкан инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады. Бул фонд чакан жана

Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

10-мартта Бишкектин айрым аймактарында реконструкция иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. 2026-жылдын 10-мартында саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Суу төмөнкү аймакта өчүрүлөт: