Швейцария Каракол лыжа базасын өнүктүрүүнү колдойт

Швейцария Каракол лыжа базасын өнүктүрүүнү колдойт

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли Каракол шаарында өтүп жаткан лыжа тебүү боюнча тренингге катышты. Элчиликтин маалыматына ылайык, бул иш-чара 2022-жылдан бери Швейцария тарабынан Кыргызстанда колдоого алынып келе жаткан кышкы туризмди өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулган.

Сапар учурунда элчи кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн бир гана инфраструктура жетишсиз экенин белгиледи.

Анын айтымында, жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүнү камсыздай алган жана туристтерде өлкө тууралуу оң тажрыйба түзө алган даяр жана квалификациялуу кадрлар чечүүчү ролду ойнойт.

"Туруктуу кышкы туризмди өнүктүрүү" долбоору узак мөөнөттүү натыйжага багытталган — аймактарда кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзүү. Жергиликтүү кадрларды даярдоо экономикага инвестиция катары каралат: туристтердин агымынын өсүшү, жер-жерлерде жумуш орундардын көбөйүшү жана кышкы сезон учурунда туристтик кызматтардын түрлөрүнүн кеңейиши.

Каракол шаары өлкөдөгү кышкы туризмдин негизги борборлорунун бири бойдон калууда. Бул жерде адамдык капиталды өнүктүрүү туристтерди тартуунун жана Кыргызстанды аймактык туристтик рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү кылуунун маанилүү шарты катары каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз