Жасалма интеллект кирешелер теңсиздигин күчөтөбү?

Жасалма интеллект кирешелер теңсиздигин күчөтөбү?

Жакынкы жылдары жасалма интеллект кирешелердин теңсиздигин күчөтүшү мүмкүн, бирок массалык жумушсуздукка алып келбейт. Мындай пикирди Barclays инвестициялык банкынын экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Кристиан Келлер Дүйнөлүк экономикалык форумга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жасалма интеллекттин жумуш менен камсыздоого тийгизген таасири эки тараптуу. Айрым процесстердин автоматташтырылышы жумуш орундарын кыскартса, технологияны курал катары колдонуу эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, кызматкерлердин кирешесин көбөйтөт.

"Маселе жумушсуздукта эмес, кирешелердин теңсиздигинин өсүшүндө. Жасалма интеллектти өндүрүмдүүлүктү жогорулатуучу курал катары колдонгондор көбүрөөк киреше табышат, ал эми башкалардын кирешеси басым алдында калышы мүмкүн", — деди Келлер.

Келлер ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте жумуш орундарын жоготуу тууралуу кооптонуулар бар экенин белгилеп, бирок 2025-жылы дал ушул жасалма интеллект дүйнөлүк экономиканы колдоонун негизги факторлорунун бири болгонун кошумчалады.

"Жасалма интеллектке болгон ири инвестициялык бум соода согуштарынын терс таасирлерин олуттуу түрдө жапты. Бул фактор болбосо, экономикалык көрсөткүчтөр кыйла алсызыраак болмок", — деди Barclays өкүлү.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин