2026-жылы салыктык кирешелер 413–578 млрд сомдон жогору болушу мүмкүн

2026-жылы салыктык кирешелер 413–578 млрд сомдон жогору болушу мүмкүн

Кыргызстандын Финансы министрлиги 2026-жылга салыктык кирешелердин көлөмүн 413 млрд сомдон 578 млрд сомго чейин болушу мүмкүн деп болжолдоп жатат. Бул маалымат 2025–2030-жылдарга карата фискалдык тобокелдиктер боюнча баяндамадан келтирилген.

Бюджеттеги салыктык кирешелер боюнча үч сценарий жарыяланган:

  • Негизги фискалдык сценарий — 458,4 млрд сом;
  • Оптимисттик сценарий — 577,6 млрд сом;
  • Пессимисттик сценарий — 412,7 млрд сом.

Финансы министрлиги 2025-жылга карата салыктык түшүүлөрдүн так көрсөткүчтөрүн 25-январдан кийин жарыялайт, бирок алдын ала маалыматка ылайык, министрлик 445–447 млрд сомдун тегерегинде салык түшүүсүн күтүп жаткан.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 42 курулуш объектиси текшерилди

Ошто 5200 орундуу заманбап спорттук комплекс курулат

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу 98 % аяктады

Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды

Айыл чарба министрлигинде 1000 күндүк планды ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү