Айрым дарыларды жеке сектордун алып киришине уруксат берилет

Айрым дарыларды жеке сектордун алып киришине уруксат берилет

Министрлер кабинети дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоодон өтпөстөн убактылуу алып кирүүгө жана колдонууга уруксат берилген атайын тизмеге киргизүү тартибин жөнгө салган документке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоор 2025-жылдын 23-августундагы №522 токтомдун нормаларын тактап, мындай дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга укуктуу уюмдардын чөйрөсүн кеңейтүүнү карайт. Эгер буга чейин мындай мүмкүнчүлүк мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына гана берилсе, эми ал менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарына жайылтылат.

Өзгөртүүлөр бекитилген тартиптин 2-, 5-, 7- жана 8-пункттарына тиешелүү. Бул пункттарда колдонулган "мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары" деген түшүнүк "менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары" деген сөзгө алмаштырылат.

Документте белгиленгендей, Саламаттык сактоо министрлиги жаңы токтомдон келип чыккан чараларды көрүүгө тийиш. Аны ишке ашыруу министрликтин бекитилген бюджети­нин чегинде жүргүзүлөт.

Эске салсак, Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы токтому менен өзгөчө учурларда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өлкөгө убактылуу алып кирүүгө жана колдонууга уруксат берүүчү атайын тизмени түзүү тартиби бекитилген. Бул механизм турмуш үчүн маанилүү дары-дармектер жетишпей калган учурда же катталган аналогдору жок болгон шартта колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдирди. Жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Бүгүндөн тартып Кыргызстанда 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы банкноттор "Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы" ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Банкноттордун дизайнында олуттуу өзгөрүү жок. Алардын алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы бетинде тарыхый-маданий объектилер

Ишкер Media
Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирди. Анда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Маалыматка ылайык, тараптар маданият, илим, инвестиция жана туризм тармактарында байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Учурда муниципалдык "Бишкек ЖЭБ" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканалары жылуулук берүүгө даяр. "Бишкек ЖЭБ" мекемеси билдиргендей, имараттар жылуулук берүү тутумуна этап-этабы менен кошула баштайт. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга жана саламаттык сактоо мекемелерине берилип, андан кийин

Ишкер Media