Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Финансылык рынокту көзөмөлдөө, тескөө жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйөркул Ашимжан уулу радионун түз эфиринде ломбарддардагы насыялар боюнча жаңы пайыздык чендер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 2018-жылдан тарта киргизилген ишкерлерди текшерүүгө мораторий чакан жана орто бизнести, анын ичинде ломбарддарды колдоо максатында кабыл алынган.

Ошол эле учурда, мораторий күчүндө турган мезгилде да жарандарды коргоо механизмдери сакталып келгенин белгиледи. Тактап айтканда, мыйзам бузуу боюнча кайрылуулар түшкөн учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүп, конкреттүү маселелерди чечүүгө укуктуу болгон.

2024-жылдын 23-майынан тартып "Ломбарддардын ишмердүүлүгү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, анда насыялар боюнча пайыздык чендерди жөнгө салуу каралган. Улуттук банк ар 6 ай сайын орточо номиналдык эффективдүү пайыздык ченди эсептеп чыгат жана ага 12% кошулат.

2026-жылдын 30-июнуна карата орточо номиналдык пайыздык чен 17,17%ды түзгөн. Ал эми мыйзамга ылайык, бардык түрдөгү күрөө мүлк үчүн насыянын жылдык эң жогорку уруксат берилген пайыздык чени 29,99%ды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу