2025-жылы Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасы 13,7%га азайды

2025-жылы Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасы 13,7%га азайды

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 9 млрд 486,84 млн долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 13,7%га кыскарган.

2024-жылы тышкы сооданын көлөмү 10 млрд 992,53 млн долларды түзгөн. Ошентип, акчалай көрсөткүчтө төмөндөө 1 млрд 505,69 млн долларды түздү.

Ошол эле учурда товар жүгүртүүнүн салмактык көлөмү өстү. 2025-жылы ал 6 млн 914,63 миң тоннага жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 23,1%га көбөйдү (2024-жылы — 5 млн 615,29 миң тонна). Өсүш 1 млн 299,34 миң тоннаны түздү.

2025-жылы товарлардын экспорту 1 млрд 262,52 млн долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 44,7%гаазайды (2024-жылы — 2 млрд 281,60 млн доллар). Акчалай төмөндөө 1 млрд 019,08 млн долларды түздү. Салмактык көрсөткүчтө экспорт 2 млн 597,73 миң тонна болуп, 2024-жылга салыштырмалуу 4,1%га азайды (2024-жылы — 2 млн 707,49 миң тонна).
Импорттун көлөмү акчалай түрдө 8 млрд 224,32 млн долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 5,6%гакыскарды (2024-жылы — 8 млрд 710,93 млн доллар). Кыскаруу 486,61 млн долларды түздү. Ошол эле учурда салмактык көрсөткүчтө импорт 4 млн 316,90 миң тоннага жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 48,5%га көбөйдү (2024-жылы — 2 млн 907,80 миң тонна), башкача айтканда 1 млн 409,10 миң тоннага өстү.

Жыл жыйынтыгында соода балансынын сальдосу терс бойдон калып, (-) 6 млрд 961,80 млн долларды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз