Чийки сүт Ысык-Көлдө кымбатпы?
Учурда кайра иштетүүчү ишканалар фермерлерден сатып алган, майлуулугу 3,4% болгон чийки сүттүн баасы аймактарга жараша 48 сомго чейин жетип жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Алардын маалыматына караганда, сүттүн баасы:
- Чүй облусунда — 35-47 сом;
- Талас облусунда — 32-41 сом;
- Ысык-Көл облусунда — 34-48 сомду түзүүдө.
Белгиленгендей, министрлер кабинетинин токтому менен чийки сүткө бааны белгилөө тартиби бекитилген. Ага ылайык, базалык баа майлуулугу 3,4% болгон сүт үчүн коюлат.