Кыргызстанда 302 миңден ашык адамдын терс насыялык тарыхы бар

Кыргызстанда 302 миңден ашык адамдын терс насыялык тарыхы бар

Кыргызстанда 1 млн 517 миң жаран насыялык тарыхка ээ, алардын ичинен 302 миң 355 адамдын насыялык тарыхы терс экенин экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран насыя төлөмүн 90 күнгө кечиктирген учурдан тартып анын кредиттик тарыхы терс болуп эсептеле баштайт.

Депутаттар "Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү карап чыгышты. Ага ылайык, кредиттик маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүн кыскартуу сунушталууда:
  • оң (позитивдүү) насыялык тарых — жети жылдан беш жылга чейин;
  • терс (негативдүү) насыялык тарых — беш жылдан үч жылга чейин.

Мындан тышкары, 10 миң сомдон аз суммадагы кредиттик келишимдер боюнча терс насыялык маалымат бир жыл бою гана сакталат деген норма сунушталууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media