Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт
28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт.
Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат.
Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар, ошондой эле эл аралык окуу жана кесиптик өнүгүү программалары жөнүндө маалымат ала алышат.
Анда жаштардын стартаптарына, практикалык мастер-класстарга, заманбап технологияларды көрсөтүүгө жана иш берүүчүлөр менен түз баарлашууга өзгөчө көңүл бурулат.
Программада ишкердик жана билим берүү сессиялары, эксперттер менен жолугушуулар, ошондой эле "Жаратман МУУН" жаштар долбоорлорунун сынагы каралган.