МСК ак ниетсиз салык төлөөчүлөрдү аныктап, мыйзамга каршы аракеттер токтотулат

МСК ак ниетсиз салык төлөөчүлөрдү аныктап, мыйзамга каршы аракеттер токтотулат

Айрым ак ниетсиз салык төлөөчүлөр салыктык эсепке алуу маалыматтарын атайылап бурмалап, жалган электрондук эсеп фактурасын тариздөө жолу менен жасалма чыгымдарды түзүп, салыктык милдеттенмелерди мыйзамсыз түрдө азайтууга аракет кылышууда. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды тариздөө товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн реалдуу чарбалык операциясы жана иш жүзүндөгү кыймылы болгондо гана жол берилерин эскертет.

Билдирүүгө караганда мындай аракеттер салык мыйзамдарын бузуу болуп саналат жана мыйзамда каралган жоопкерчилик чараларына алып келет. Салык кызматы мындай мыйзам бузууларды тобокелдикке багытталган талдоо, ошондой эле заманбап санариптик жана маалыматтык системалар аркылуу аныктайт.

Электрондук эсеп-фактураны жасалма документ жүгүртүү схемаларында колдонууда жасалган бардык аракеттер аныкталып, токтотулат. Салык кызматы мыйзамга каршы аракеттерди токтотуп, ак ниеттүү ишкердик жүргүзүүгө чакырат, анткени мыйзамда каралган санкциялар сөзсүз түрдө колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media