Экономика министрлиги 4 жыл ИДП өсүшү 10,2% болгонун билдирди

Экономика министрлиги 4 жыл ИДП өсүшү 10,2% болгонун билдирди

Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы беш жылдык мезгилинде Кыргыз Республикасынын экономикасында олуттуу сапаттык жылыштар орун алганын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын жыйынтыктары ички дүң продуктунун (ИДП) динамикасында даана чагылып, анын өсүшү регионалдык деңгээлде гана эмес, эл аралык масштабда да байкала баштады.

"Тактап айтканда, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 601,8 млрд сомду түзгөн. 2021-жылы бул көрсөткүч 723,1 млрд сомго жетип, экономикалык калыбына келүүнүн башталышын белгиледи.


2022-жылы ИДПнын көлөмү 1 трлн 21 млрд сомду түзүп, алгачкы жолу психологиялык мааниге ээ болгон 1 трлн сомдук чекеден ашты.
2023-жылы көрсөткүч 1,2 трлн сомго жетсе, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 1 трлн 976,4 млрд сомго чейин өсүп, иш жүзүндө 2 трлн сом деңгээлине жакындады", — деп айтылат маалыматта.

Экономика министрлиги кошумчалагандай, акыркы төрт жыл ичинде ИДПнын реалдуу өсүшүнүн орточо жылдык темпи 10,2%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media
Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media