Россияда 1 жылда мигранттар 10%га азайды
Россияда 2025-жылдын башынан бери чет элдик жарандар 10%га, тагыраагы 6,3 миллиондон 5,7 миллионго чейин азайганын өлкөнүн Ички иштер министрлигинин миграциялык кызматына караштуу талдоо борборунун башчысы Александр Пережогин "Жаңы миграциялык саясат" деп аталган жыйында билдирген.
Анын айтымында, мигранттардын азайышы өлкөдө жашы жете элек чет элдиктердин саны дээрлик 25%га кыскарганы менен байланыштуу.
Акыркы жылдарда Россияда миграциялык саясат катаалдашып, чет элдиктердин балдарын орус тилинен сынак тапшырмайынча мектепке кабыл алууга тыюу салынган. Мунун жыйынтыгында былтыр сентябрда мигрант балдардын 87,5%ы мектепке кире албай калган.