Адылбек Касымалиев: Бажы кирешеси 6 эсеге өстү

Адылбек Касымалиев: Бажы кирешеси 6 эсеге өстү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдагы жыйынтыктоочу коллегиясына катышты.

Жыйында белгиленгендей, 2020-жылы бажы кызматы 28 млрд сом жыйнаса, 2025-жылы бул көрсөткүч 157,4 млрд сомго жетип, киреше дээрлик 6 эсеге өскөн. МинКаб башчысы мындай өсүшкө "Смарт бажы" улуттук санариптик платформасынын ишке кириши өбөлгө болгонун айтты.

Ошондой эле бажы төлөмдөрү республикалык бюджеттин кирешесинин төрттөн бир бөлүгүн түзөрү, автоматташтыруунун эсебинен декларациялардын саны штаттык санды көбөйтпөстөн кыйла арткандыгы белгиленди.

Жыйын соңунда Адылбек Касымалиев 2026-жылы бажы төлөмдөрү боюнча 142,6 млрд сомдук пландын толук аткарылышын жана 2026–2030-жылдарга карата бажы кызматын өнүктүрүү концепциясынын иш-чараларын так жүзөгө ашырууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын беш жылдык фискалдык саясаты жактырылды

Кыргызстандын беш жылдык фискалдык саясаты жактырылды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгында Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында Кыргызстандын 2027-2031-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорукаралды. Финансы министри Руслан Суйналиев алдыдагы беш жылга каралган киреше жана чыгаша параметрлери боюнча баяндама жасады. Ошондой эле инфраструктуралык

Жети-Өгүздө 2,5 млн сом үчүн муниципалдык мончо мыйзамсыз күрөөгө коюлган

Жети-Өгүздө 2,5 млн сом үчүн муниципалдык мончо мыйзамсыз күрөөгө коюлган

Жети-Өгүз районунда муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө берүү фактысы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Райондук прокуратуранын текшерүүсүндө 2022-жылы Ж.К. аттуу жаранга Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан 2,5 млн сом пайызсыз кайтарымдуу финансылык жардам берилгени аныкталган. Каражаттын кайтарылышын камсыздоо үчүн Барскоон айыл өкмөтүнүн балансындагы

Саммитке даярдык: "Бишкек" эркин экономикалык аймагы иретке келтирилүүдө

Саммитке даярдык: "Бишкек" эркин экономикалык аймагы иретке келтирилүүдө

Алдыда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдыктын алкагында "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын аймагында мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Ырыс Ордо" конгресс-холлуна жана конок үйлөрүнө жакын жайгашкан аймактын абалы текшерилди. Белгиленгендей, мониторингдин жыйынтыгында Инвестициялар боюнча улуттук

Мобилдик операторлор эч качан SMS-кодду сурабайт

Мобилдик операторлор эч качан SMS-кодду сурабайт

Ош шаарында жарандарды кибер алдамчылыктан коргоо жана интернет аркылуу жасалган кылмыштарды алдын алуу максатында шаардык милиция түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүүдө. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаардын коомдук жайларында жана коомдук транспорттордо жарандарга кибер алдамчылыктын кеңири тараган түрлөрү тууралуу маалымат берилип, эскертүү баракчалары көрүнүктүү жерлерге