Россия Мамдумасы Кыргызстандын ЕАЭБге жолдогон арызы боюнча жооп кылды

Россия Мамдумасы Кыргызстандын ЕАЭБге жолдогон арызы боюнча жооп кылды

Мамлекеттик думанын саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Сергей Леонов Россиянын мигранттардын үй-бүлөлөрүнө медициналык полис берүүдөн баш тартуусуна байланыштуу Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) сотуна кайрылуусуна комментарий берди.

Анын айтымында, Кыргызстан жарандары Россияда кошумча медициналык камсыздандыруу полисин ала алышат.

"Иштеп жүргөн мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өз каражатына кошумча медициналык камсыздандыруу полисин сатып алып, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алышат", — деди ал.

Сергей Леонов ошондой эле төмөнкүлөрдү белгиледи:
"Биздин позиция бир болушу керек — поликлиникаларыбыз чет элдик жарандарга ашыкча жүктөлбөшү керек. Иштеп жаткан иммигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүндө өз каражатына полис сатып алып, медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мигранттар шашылыш медициналык жардам алууга толук укуктуу, андан баш тартылбайт. Бирок эмне үчүн биз алардын поликлиникалардагы дарылануусун өз бюджетибизден төлөшүбүз керек?" — деди ал.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасы эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин берүүдөн баш тартуу фактыларына байланыштуу түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен ЕАЭБ сотуна кайрылган. Соттун чечими эки жуманын ичинде чыгары күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media
Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media