Асмандаган алтын саналуу күндөрдө 7,8%га арзандады

Асмандаган алтын саналуу күндөрдө 7,8%га арзандады

Өткөн аптанын аягында баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногунда олуттуу төмөндөө болду. Бар болгону 36 сааттын ичинде сектордун жалпы капитализациясы 7 триллион доллардан ашыкка кыскарды.

Адатта коргоочу актив катары эсептелген алтындын баасы 13,6%га төмөндөдү. Бир унциянын наркы 4,9 миң доллардан ылдый түшүп, натыйжада алтындын жалпы капитализациясы 5 триллион долларга азайды.

Бирок баанын төмөндөшү уланып жатат. Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата трой унциясына (31,1035 грамм) болгон фьючерстин баасы 4 миң 657 долларга чейин түштү. Сооданын эң жогорку учурунда баа 5,5 миң долларга чейин чыккан.А

Алтындын өлчөмдүү куймаларынын бааларындагы 30-январдангы эң жогорку жана 2-февралдагы эң төмөнкү бааларды салышытрганда жоготуулар орто эсеп менен 7,2–7,8%ды түздү.

  • 1 грамм — жоготуу 77 сомду (болжол менен 0,5%) түздү;
  • 2 грамм — жоготуу 118 сомду (болжол менен 0,4%) түздү;
  • 5 грамм — жоготуу 519,5 сомду (болжол менен 0,71%) түздү;
  • 10 грамм — жоготуу 282 сомду (болжол менен 0,2%) түздү;
  • 31,1035 грамм (унция) — жоготуу 6 миң 567 сомду (болжол менен 1,48%) түздү;
  • 100 грамм — жоготуу 42 миң 222,5 сомду (болжол менен 2,91%) түздү.

2026-жылдын 2-февралына карата сатып алуу менен сатуу бааларынын ортосундагы эң аз пайыздык айырма 10 граммдык куймаларда (0,2 пайыз) байкалган. Бул аларды азыркы шартта эң ликвиддүү кылат.

Ал эми 100 граммдык куймалар боюнча акчалай түрдө эң жогорку маржа — 42 миң сомдон ашык айырма катталган.

Мындан тышкары окуңуз

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Бишкектеги үй-бүлөлүк мединалык борборлордо эмдөө башталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева "Биринчи радиодон" чыгып сүйлөгөндө билдирди. Динара Отунбаеванын сөзүнө караганда биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогоркулар бекер эмделет. Алар: * Өнөкөт оорусу бар жарандар

Ишкер Media
Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрына чейин созулат. Мындай билдирүүнү аталган министрликтен маалымдашты. Сынактын максаты - жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо. Билдирүүгө

Ишкер Media
Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.

Ишкер Media