Министр Бакыт Төрөбаев дыйкандарга карбоминтти колдонууну сунуштады

Министр Бакыт Төрөбаев дыйкандарга карбоминтти колдонууну сунуштады

Айыл чарба министри Бакыт Торобаев "Кыргызмамасылтукум" заводунун себүү талааларын кыдырып, минералдык жер семирткичтер – карбоминтти колдонуу жана анын түшүмдүүлүктү жогорулатууга тийгизген пайдасы тууралуу маалымат берди.

Министрдин айтымында, 50 гектар аянтка агротехникалык талаптарга ылайык күзгү буудай себилген. Себүүдөн мурда топурак анализи жүргүзүлүп, негизги элементтер – фосфор, калий жана азот жетишсиз экени аныкталган.

Бул заттарды толуктоо үчүн талааларга карбоминт чачылды. Минералдык жер семирткичтерди жана сертификатталган урукту колдонуу менен аталган аянттан гектарынан 60 центнерге чейин түшүм алуу күтүлүүдө.

Бакыт Торобаев карбоминт – бул топуракты азыктандыруучу, өсүмдүктөргө керектүү элементтерди (азот, фосфор, калий) берчү минералдык жер семирткич экенин белгиледи. Аны буудай, жүгөрү, картошка жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө колдонсо болот. Жер семирткич гранулданган формада атайын РУМ техникасы менен талаага бирдей чачылат.

Ошондой эле министр дыйкандар тарабынан кетирилип жаткан катачылыктарга көңүл бурду — сорнякка каршы каражаттарды туура эмес колдонуу жана сертификатталбаган урукту колдонуу. Бул түшүмдүүлүккө жана продукциянын сапатына терс таасирин тийгизет.

Мындан тышкары, өлкө боюнча 22 лаборатория иштеп жатканын, дыйкандар ал жактардан уруктун сапатын жана курамын текшерип же сертификатталган себүүчү материалды сатып ала алары маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media