Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды
Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталганын билдирди
Декларация тапшыруу өнөктүгү салык төлөөчүлөрдүн категориясына жараша эки этапта жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-апрелине чейин декларация тапшырууга:
- ата мекендик уюмдар (бюджеттик мекемелерди жана мүлк салыгы боюнча милдеттенмеси жок уюмдарды кошпогондо);
- Кыргызстандын аймагында туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин, Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү милдеттүү.
2026-жылдын 1-майына чейин декларация тапшырууга тийиш:
- жеке ишкерлер (патент менен иштегендерди, өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөндөрдү, бирдиктүү салыктын 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% ставкаларын колдонгондорду, ошондой эле юридикалык жак түзбөстөн иш алып барган дыйкан чарбаларын кошпогондо);
- эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген Кыргызстан жарандары;
- отчеттук мезгилде киреше салыгы кармалбаган киреше алган жеке жактар.
Ошол эле учурда, башка категориядагы жеке жактар, анын ичинде социалдык же мүлктүк салыктык жеңилдиктерди алууну пландагандар декларацияны ыктыярдуу түрдө тапшыра алышат.
Декларацияны кантип тапшырууга болот?
Бирдиктүү салык декларациясы жалаң гана электрондук түрдө — Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу, Cabinet.salyk.kg порталы аркылуу кабыл алынат.
Декларацияда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек:
- кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтар;
- экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү;
- мүлк объекттери жана жер тилкелери;
- отчеттук мезгил ичинде төлөнгөн салыктык милдеттенмелердин суммалары.
Кошумча маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 телефону аркылуу, ошондой эле Салык кызматынын расмий сайтынан алууга болот.