Кыргызстандагы камсыздандыруу уюмдарынын кирешеси бир жылда 1 млрд 220 млн сомго жеткен

Кыргызстандагы камсыздандыруу уюмдарынын кирешеси бир жылда 1 млрд 220 млн сомго жеткен

2025-жылы Кыргызстандагы камсыздандыруу уюмдарынын жалпы таза кирешеси 1 млрд 220 млн сомду түзгөнүн Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттордун негизинде жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөн.

2025-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстанда 19 камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму иш жүргүзгөн. Алардын ичинен 14 уюм 100% кыргыз капиталы менен, ал эми беш уюм чет элдик капиталдын катышуусу менен иштеген. "Кыргыз капиталы бар компаниялардын үлүшүнүн өсүшү (19 уюмдун ичинен 14ү, же 74%ы) улуттук каржы инфраструктурасынын бекемделип жатканын жана ички камсыздандыруу секторунун чыңдалышын көрсөтөт. Бул өз кезегинде жарандардын ишенимине жана рыноктун туруктуулугуна оң таасир берет", — деп белгилешти кызматта.

Жыйынтыгында, 2025-жылы камсыздандыруу компанияларынын жалпы активдери 9%га өсүп, 12,7 млрд сомдон 13,8 млрд сомго жетти.

Ошол эле учурда, өздүк капитал 12,7%га көбөйгөн. Ал эми милдеттенмелердин өсүшү 7,6%ды түзүп, бул көзөмөлдөлгөн жана орточо жүктөмдү чагылдырат. Камсыздандыруу резервдеринин көлөмүнүн 21,6%га кыскарышы портфелдин түзүмүнүн өзгөрүшү жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өсүшү менен байланыштуу болуп, "рыноктун активдүү өнүгүү баскычына туура келет" деп бааланган.

Мындан тышкары, камсыздандыруу уюмдарынын ишмердүүлүгүнөн мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык түшүүлөр 340 млн 800 миң сомду түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media