Дүйнөлүк ар бир төртүнчү адам iPhone смартфонун колдонот

Дүйнөлүк ар бир төртүнчү адам iPhone смартфонун колдонот

Apple жана Samsung дүйнөлүк смартфон рыногунда лидерлик позицияларын бекемдешти. Counterpoint Research аналитиктеринин маалыматына ылайык, дүйнөдөгү активдүү телефондордун болжол менен төрттөн бири Apple чыгарган iPhone түзмөктөрүнө туура келет. Бул компанияны өндүрүүчүлөрдүн арасында талашсыз лидер кылууда. Ал эми анын негизги атаандашы болгон Samsung рыноктун дээрлик 20%ын көзөмөлдөйт.

Жалпысынан эки компания дүйнөлүк активдүү түзмөктөр рыногунун 44%ын ээлейт. Ошондой эле 1 млрд колдонуучунун чегинен өткөн жалгыз компаниялар — Apple жана Samsung. Калган бренддер активдүү түзмөктөрдүн саны боюнча кыйла артта калууда.

Аналитиктер белгилегендей, дүйнөдөгү ар бир төртүнчү смартфон колдонуучу iPhone колдонуп, бул Apple үчүн абсолюттук рекорд болуп калды.

Рыноктогу башка ири оюнчулар катары Xiaomi, Oppo, Vivo, Transsion, Huawei, Honor, Motorola, Realme жана Google аталат. Бирок акыркы үч бренддин активдүү түзмөктөрү 200 миллионго да жетпейт.

Баасы 600 доллардан жогору болгон смартфондор сегментинде болсо толугу менен Apple менен Samsung үстөмдүк кылып, премиум-сегментте башка компанияларга атаандаштык мүмкүнчүлүк калтырган жок.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media