Кыргызстанда алгачкы тикучактарды оңдоочу аймактык борбор ачылды

Кыргызстанда алгачкы тикучактарды оңдоочу аймактык борбор ачылды

Кыргызстанда алгачкы аймактык тик учактарды оңдоо жана адистерди даярдоо борбору ачылды. Ал Эркин экономикалык "Ак-Чий" аймагында жайгашып, Ми-171 жана Ми-8 тик учактарын тейлөөгө багытталган.

Долбоордун ишке ашырылышы менен Равшанбек Сабиров — Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы — таанышып чыгып, анын маанилүүлүгүн белгиледи.

Мекеменин маалыматына ылайык, долбоордун инвестору — Россия. Биринчи этапта болжол менен 5 млн доллар инвестиция салынган.
"Буга чейин Кыргызстандын авиация тармагында мындай деңгээлдеги ишканалар болгон эмес. Бул долбоор өлкөдө заманбап авиациялык сервистик жана окутуу борборлорун түзүүгө мүмкүн экенин көрсөтүп турат", — деди Равшанбек Сабиров.

Ал демилге инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана технологиялык потенциалды бекемдөөгө өбөлгө болорун кошумчалады. Учурда Россияда 15 кыргызстандык учкуч билим алууда. Алар мекенине кайтып келгенден кийин ӨКМ, Коргоо министрлигинде жана башка түзүмдөрдө иштешет. Агенттик долбоорго, анын ичинде бажы жеңилдиктери аркылуу да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Кийинки этапта жарандык авиация, ӨКМ, Коргоо министрлиги жана Кыргыз авиация институтунун учукчтарын даярдоо үчүн Ми-171 тик учагынын тренажёру жана окуу класстары бар окуу-машыгуу комплексин ачуу пландаштырылып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media