Былтыр Ош облусундагы объектилерге 8,1 млрд сом багытталган

Былтыр Ош облусундагы объектилерге 8,1 млрд сом багытталган

2025-жылы мамлекеттик бюджеттен 357 объектке 8,1 млрд сом багытталганын МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусундагы президенттин өкүлчүлүгүнүн коллегиясында билдирди.

Жыйын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлдү. Анын айтымында, капиталдык салымдар беренеси боюнча мамлекет Ош облусуна 8 млрд 543 млн сом жардам көрсөткөн. Анын ичинен 8,1 млрд сом толук каржыланган.

Бөлүнгөн каражаттардын ичинен:

3,7 млрд сом 242 социалдык объектти курууга же оңдоого жумшалган. Алар:

133 мектеп,

57 бала бакча,

17 саламаттык сактоо мекемеси,

35 маданият жана спорт комплекси.

Калган 4 млрд 348 млн сом 82 автоунаа жолуна бөлүнүп, толугу менен каржыланган.

Маалыматка ылайык, каражаттар аймактын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга жана жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта

Президенттик шайлоо  2027-жылдын 24-январында өтөт-Конституциялык сот

Президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт-Конституциялык сот

Конституциялык сот президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап, Конституциянын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн ушундай чечмеледи. Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде же, башкача айтканда, кийинки жылдын 24-январында өтөрүн билдирди. Мекеме мындай чечмелөөнү “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар

Мамлекеттик бажы кызматы мектеп бүтүрүүчүлөрүн РФнын бажы академиясында окууга чакырат

Мамлекеттик бажы кызматы мектеп бүтүрүүчүлөрүн РФнын бажы академиясында окууга чакырат

Мамлекеттик бажы кызматы 2026–2027-окуу жылына карата, КРна бөлүнгөн квоталардын чегинде, Россия бажы академиясына жана анын филиалдарына абитуриенттерди кабыл алууну жарыялады. Билдирүүгө караганда, окутуу эл аралык кызматташтыктын алкагында, Россия Федерациясынын бюджети тарабынан каржыланат жана төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: “Бажы иши”, “Юриспруденция” жана “Экономика”. Орто жалпы же орто кесиптик билими бар