Кыргызстандагы 100 айыл өкмөтүнө жайыттарды жакшыртууга 100 миң доллар грант берилет

Кыргызстандагы 100 айыл өкмөтүнө жайыттарды жакшыртууга 100 миң доллар грант берилет

Кыргызстанда 100 айыл өкмөтүнө жайыттардын абалын жакшыртуу үчүн 100 миң доллардан грант берилерин Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Тамчыбек Тулеев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жалпысынан 230 айыл өкмөтү бар.

"Долбоордун алкагында конкурс аркылуу 100 айыл өкмөтү тандалып алынды. Алар жайыттарды натыйжалуу башкаруу үчүн 100 миң доллардан грант алышат. Ошол эле учурда мамлекет бул каражатты донорлордон насыя түрүндө алат. 100 миң доллардын 70 миңи түздөн-түз жайыттарды калыбына келтирүүгө жумшалат, ал эми 30 миңи жайыттарга түшкөн жүктү азайтуу боюнча кошумча иш-чараларга багытталат. Мисалы, малга тоют өндүрүүчү кошумча цехтерди ачууга. Эгер тоют жетиштүү болсо, мал жайытта аз убакыт болот", — деди ал.

Тамчыбек Тулеев учурда жайыттардын абалы өтө оор экенин белгиледи.

"Аларды калыбына келтирүү боюнча ыкчам чараларды көрүү зарыл. Бул багытта донорлор менен биргеликте долбоорлорду ишке ашырып жатабыз", — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү