МСК жаңы ЭСФ формасынын эрежелерин түшүндүрдү

МСК жаңы ЭСФ формасынын эрежелерин түшүндүрдү

Мамлекеттик салык кызматы 23-февралда Бишкек шаарында сатуучулар (селлерлер) жана маркетплейстердин өкүлдөрү үчүн электрондук эсеп-фактуранын (ЭСФ) жаңы формасын колдонуу боюнча окутуу семинарын өткөрдү.

Жаңы эрежелер бизнес ишин жеңилдетүүгө жана товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз алып чыгууга багытталган. Иш-чарага тигүү ишканаларынын жетекчилери, тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү жана Салык кызматынын төрага орун басарлары катышты.

Жаңы эсеп-фактура формасы товарларды ташуу учурунда коштоочу документ катары колдонулат. Ал продукция КР аймагынан соода аянтчаларынын кампаларына менчик укугу дароо өтпөстөн чыгарылган учурда талап кылынат. Бул механизмдин негизги артыкчылыгы — мындай ЭСФ товарды сатуу катары эсептелбейт. Демек, логистика баскычында салыктык милдеттенме жаралбайт.

Ишкерлер акыркы отчетту акча каражаты эсептик эсепке түшкөндөн кийин түзүүгө тийиш. Мында селлер отчеттук айдан кийинки айдын 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен бирдиктүү электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштурууга милдеттүү.

МСК бул нормаларды административдик тоскоолдуктарды азайтуу максатында киргизгенин белгилеп, бул чаралар электрондук коммерция тармагында товар жүгүртүүнүн ачыктыгын жана ылдамдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

Ак-Суу районунда 1,2 млрд евролук "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа кластеринин курулушу мониторингден өткөрүлгөнүн Экономики жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Вице-министр Медер Туманов мамлекеттик маанидеги долбоордун аткарылышын текшерди. Бул долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курортторун бириктирип, аймакты эл аралык деңгээлдеги жыл бою иштеген борборго айлантууну максат

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү карап чыкты. Документ Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык, камсыздандыруу пулу (бирикмеси) юридикалык жак макамын алып, каражатты камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнөн түзөт. Финансы рыногун жөнгө салуу

Бишкекте экологиялык таза “жашыл такси” долбоору пландалууда

Бишкекте экологиялык таза “жашыл такси” долбоору пландалууда

Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте Бишкек шаарында "жашыл такси" долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Азыркы учурда долбоорду ишке ашыруу механизмдери жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланып жатат. Экологиялык таза транспортту өнүктүрүү айлана-чөйрөнү коргоого, абанын сапатын жакшыртууга жана туруктуу шаардык өнүгүүнү камсыз кылууга

Бишкек ИИББи сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүнө тендер жарыялады

Бишкек ИИББи сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүнө тендер жарыялады

Бишкека ИИББи  кызматтык унаалар үчүн сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүн сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, 60 даана түзүлүшкө 4,8 млн сом бөлүү пландалып жатат.  Сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүн ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына жооп берүүгө жана союзга мүчө өлкөлөрдүн биринде өндүрүлгөн болууга тийиш. Ошондой эле кеминде эки жылдык