Былтыр Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөн
2025-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөнонүн агенттиктин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев коллегияда билдирди.
Ал белгилегендей, аталган каражаттын негизги бөлүгү эмгек акыга жумшалган.
- Эмгек акыга - 1 млрд 62 миң;
- Коммуналдык чыгымдарга - 69 миң 800;
- Оңдоп-түзөө иштерине - 3 млн 15 миң;
- Спортту өнүктүрүүгө - 1 млрд 163 млн сомду түзгөн.
Ал эми аймактык спорттук мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 20 млн сомго спорттук жабдуулар сатылып алынып, тиешелүү спорттук мекемелерге бөлүнүп берилген.
Ошондой эле ал белгилегендей, 2024-жылга карата бөлүнгөн каражаттын суммасы - 2 млрд 141 млн сомду түзгөн.
“2024-жылга салыштырмалуу 2025-жылы бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөн. Бул мамлекеттин спортту өнүктүрүүгө болгон туруктуу кызыгуусун жана бул багыттагы иштерди кеңейтүүгө карата милдеттенмесин айкын көрсөтүп турат”,- деди ал.