Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 7,4 млрд сом жумшады
2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 7 млрд 470 млн сом же болжол менен 85,3 млн доллар жумшаганы Финансы министрлигинин отчетунда көрсөтүлгөн.
Анын ичинде тышкы карызды төлөөгө 3 млрд 48,2 млн сом (34,8 млн доллар), ал эми ички карызды жабууга 4 млрд 421,8 млн сом (50,5 млн доллар) сарпталган.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан тышкы карызды төлөөгө 45 млрд 967,7 млн сом (525,3 млн доллар), ал эми ички карызды жабууга 31 млрд 170,4 млн сом (356,2 млн доллар) багыттаган.