Кыргызстанда 2025-жылы темир жол жүргүнчүлөрү 60%га көбөйгөн
Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
2025-жылы жүргүнчүлөр агымы дээрлик 60%га, ал эми жүргүнчү жүгүртүүсү 70%дан ашыкка өстү. Жалпы 432,5 миң жүргүнчү ташылган. Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылы бул көрсөткүч 271,6 миң адамды түзгөн.

Негизги өсүш ички каттамдардын эсебинен камсыздалды.
2024-жылы поезд менен 258 миң адам жүрсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 417,8 миң жүргүнчүгө жеткен.