Кыргызстандагы депозиттердин көлөмү 879 млрд долларга жетти
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча депозиттердин көлөмү 879 млрд сомго жеткенин маалымат жыйында Улуттук банктын төрага орун басары Азат Козубеков билдирди.
Ал белгилегендей, депозиттик базага улуттук валютадагы депозиттер көп түшө баштаган. Бул Улуттук банктын экономиканы дедолларизациялоо саясаты менен байланыштуу.
"Азыркы учурда республикадагы долларизация деңгээли эң төмөнкү деңгээлде турат, ал эми улуттук валютадагы депозиттердин үлүшү эң жогорку көрсөткүчкө жетти", — деди Козубеков.