Кыргызстандын айыл чарба техникасы жазгы иштерге 82% даяр

Кыргызстандын айыл чарба техникасы жазгы иштерге 82% даяр

Кыргызстанда айыл чарба техникасынын жалпы даярдыгы 82%ды түзөрүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 92 миңден ашык айыл чарба техникасы бар. Анын ичинде 22 428 трактор, 1 960 дан комбайны жана башка негизги техникалар бар.

"Учурда аймактарда 2026-жылдын жазгы талаа иштерине, айдап-себүү өнөктүгүнө карата техникаларды оңдоо жана даярдоо иштери жигердүү жүрүп, жалпы даярдык деңгээли 82%ды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2%га жогору", — деп айтылат маалыматта.

Талаа иштерине 17 959 трактор (80%), соколордун 82%ы, сепкичтердин 78%ы, малалардын 82%ы жана жер семирткич чачкычтардын 86%ы даяр. Жалпысынан өнөктүккө 8 миңден ашык жер айдоочу жана 3 миңден ашык себүүчү агрегат катышары күтүлүүдө. Ошол эле учурда республика боюнча айыл чарба техникасы менен камсыз болуу деңгээли орточо 71%ды түзүп, 29% техникага муктаждык сакталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр спорт тармагына 2,6 млрд сом бөлүнгөн

Былтыр спорт тармагына 2,6 млрд сом бөлүнгөн

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегия жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кзыматынан билдиришти. Жыйында Эдил Байсалов спорт тармагына мамлекеттик колдоо жыл сайын өсүп жатканын белгилеп, 2020-жылы бюджеттен 800 млн сомго жакын каражат бөлүнсө, 2025-жылы бул сумма

Эрлист Акунбеков Айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Эрлист Акунбеков Айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Акунбеков Эрлист Абакирович Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Администрациядан билдиришти. Жарлыкка ылайык, Акунбеков Эрлист Абакировичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу

Бишкекте "Аль-Бухари" кафесинин бир бөлүгү демонтаждалууда

Бишкекте "Аль-Бухари" кафесинин бир бөлүгү демонтаждалууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан "Аль Бухари" кафесинин бир бөлүгүн демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бишкек шаарында жер тилкелерин берүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, ижара келишими токтотулган. Ушуга байланыштуу объектти бузуу (демонтаждоо) чечими кабыл алынган. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 340 чарчы метр

Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министрлиги кызматынан бошотулду

Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министрлиги кызматынан бошотулду

Президент Кыргызстан кол койгон жарлыкка ылайык, Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулганын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жакын арада Саламаттык сактоо министрлигинин башчысынын милдетин ким убактылуу аткарары жана кайсы талапкер Жогорку Кенештин кароосуна сунушталары күтүлүүдө. Каныбек Досмамбетов министрлик кызматка 2025-жылдын 24-декабрында дайындалган. 1-декабрдан тартып ал министрдин милдетин аткарып келген.